Ош мамлекеттик университети “Факел” пансионатынын тазалоочу жайларын курууга жана курулуш иштерине тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин баасы 61,1 млн. сомду түзөт.
Бул суммага ОшМУнун алдындагы “Факел” пансионатынын тазалоочу курулмаларын, тышкы суу менен камсыздоо жана канализациясын куруу, ошондой эле коттедждерди оңдоо жана куруу пландалууда.