Ай башынан бери кыргызстандыктар 972 млн сомдук чектерди сканерлешти

18.07.2023, 12:55 Акчабар
Ай башынан бери кыргызстандыктар 972 млн сомдук чектерди сканерлешти

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 2-этабы башталгандан тартып жарандар "Салык чек" тиркемеси аркылуу 972 млн сомдон ашык суммага кассалык чектерди сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күнү лотереянын катышуучуларына 2-июлдан тартып сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 860 миңден ашык ID-номер ыйгарылды. Топтолгон ар бир 1000 сомго 1 ID-номер берилет.

Утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1 миң 244 байге ойнотулат. Анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен бар.

Тэги: новости экономика Кыргызстана лотерея Чек ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу