Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 76-орунду ээледи

19.05.2021, 13:40 Акчабар
Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 76-орунду ээледи

Маданий мурастар рейтингинде Казакстан 78 мамлекеттин арасында 76-орунду ээледи. Өлкөнүн индекси мүмкүн болгон 100 баллдын 0,3 деңгээлинде бааланган. Бул тууралуу Energyprom.kz билдирди.

Эң мыкты беш өлкөнү Испания, Италия, Греция, Франция жана Мексика ээледи. Рейтингдин эң төмөн жагында Оман турат.

Индекс беш критерийдин негизинде эсептелген: маданий жеткиликтүүлүк, бай тарых, тамак-аштын сапаты, маданий-географиялык кызыктуу жерлер.

Тарых байлыгынын критерийи боюнча, Казакстан 100 баллдын ичинен 8,9 баллга, географиялык кызыктуу жерлер үчүн - 5,3 баллга, маданий жеткиликтүүлүгү үчүн - 5,5 баллга, тамак-аштын сапаты үчүн - 2,5 баллга, маданий кызыктуу жерлер үчүн - 0 баллда.

Ал эми Кыргызстан бул рейтингге кирбей калган.

 

Тэги: Казахстан рейтинг культурного наследия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу