ТИМ: Орусияда 571 миң КР жарандары жашайт

30.12.2019, 14:50 Акчабар
ТИМ: Орусияда 571 миң КР жарандары жашайт

850 миң кыргызстандыктар чет жакта күн кечирип келишүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында консулдук кызмат департаментинин башчысы Алмаз Имангазиев билдирди. 

Анын айтымында, Орусияда 571 миң, Казакстанда - 45 миңге жакын, АКШ жана Канадада - 15-20 миң, Италияда - 5.5 - 6 миң, БАЭ -4-5 миң, Улуу Британияда - 2 миң КР жарандары жашашат. 

Орусиянын кара тизмегинде 60 миң КР жарандары бар. Андан сырткары, Орусияда 1.4 миң кыргызстандык жазасын өтөп жатышат. Имангазиевдин айтымында, 1.6 миң эркинен ажыратылган кыргызстандыктар бар. Учурда департамент тарабынан соттолгондорду Кыргызстанга которуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Мекенге которуу боюнча   биринчиден, соттолуучунун өзүнүн макулдугу керектелет. 

 

 

Тэги: МИД мигранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу