Электрондук каттоо системасы аркылуу 59 миңден ашык бала 1-класска катталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкектин беш мектеби толду.
Алар: №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси, №70, №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекстери, Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп жана №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
Эске салсак, мектептерге электрондук кабыл алуу 8-апрелде башталган. Биринчи этап 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүрөт. Экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин бош орундары бар мектепке катталса болот.