Ozon интернет - дүкөнү үчүн 2019-жылы өткөрүлгөн «Кара жума» же «Арзандатуу жумасы» эң ийгиликтүү болуп, рекорд койду. Бул тууралуу ТАСС басылмасы билдирет.
Интернет-аянтча, 2018-жылга салыштырмалуу 2.5 эсеге көп буйрутма алышкан.
«Бир сооданын орточо баасы өткөн жылга салыштырмалуу 6% түшүп, 2 миң 675 рубльду түзгөн», — деп жазылат маалыматта.
Интернет-аянтчанын өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, кайталанма буйрутманын көлөмү дагы өскөн: кардарлардын 30% үчтөн кем эмес, буйрутма беришкен.
Буйрутмалардын көпчүлүк бөлүгүн, балдар оюнчуктары, электроника, кийим, китеп жана үйгө керектүү товарлар болгон.