“РСК Банктын” башкармалыгынын жаңы төрагасы жана орун басары дайындалды. Мындай чечимди бир күн мурун банктын директорлор кеңеши кабыл алганын банктан билдиришти.
2-марттан тарта Кадырбек Букуев “РСК Банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми Турсунбек Шакиров анын орун басары болуп бекитилген.
Азизбек Оморкулов 2015-жылдан бери аталган башкармалыктын төрагасы болуп келген.
Белгилей кетсек, “РСК Банктын” 100% акциясы мамлекетке таандык.