Сентябрь айында ААК «Түндүкэлектрдин» абоненттери 319.2 млн. кВт. саатка жакын электр энергиясын колдонушкан. Өткөн жылы ушул эле убакта 308.9 млн. киловатт саат колдонулганын аталган тармак билдирет.
«Түндүкэлектр» берген маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургундары 156.2 млн. киловатт саат, Чүй облусунун жашоочулары 141.5 млн. киловатт, Талас облусу 25.5 млн. киловатт колдонушкан.