Сентябрь айында мигранттардан которулган каражат 9.5 млн $ азайган

18.11.2019, 09:42 Акчабар
Сентябрь айында мигранттардан которулган каражат 9.5 млн $ азайган

2019-жылдын сентябрь айында эмгек мигранттар Кыргызстанга 209.9 млн сом которушкан. Бул өткөн айга салыштырмалуу 4.3% же 9.5 млн $ аз болгон. Август айында мигранттардан которулган сумма 219.4 млн $ түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. 

Которулган каражаттын азайышынын себеби, КМШ мамлекеттерине коюлган чектөөлөр себеп болгон. Сентябрь айында которулган каражат 205.9 млн $ түзсө, август айында - 214.9 млн доллар болгон. Орусиядан которулган сумма 9.1 млн $ азайган. Андан сырткары АКШдан которулган каражат  300 миң $, алыскы чет мамлекеттен которулган сумма 300 миң $  азайган.

Өлкөдөн чыгарылган каражаттардын суммасы сентябрь айында, август айына салыштырмалуу 3.1 млн долларга көп болгон. 

 Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында эмгек мигранттардын өлкөгө которгон суммасы 1 млрд 780.4 млн долларды түзгөн. 2018-жылдын 9 айына салыштырып караганда, 191.4 млн долларга (2018-жылдын 9 айында 1 млрд 971.8 млн долларды тузгөн) азайган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу