Бүгүн, 6-октябрда Сеул шаарында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланууда.
"Тараптар Кыргызстанда инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды ачуу, бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды уюштуруу, Кореянын катышуусу менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, республиканы санариптик трансформациялоо, жашыл экономика, өнөр жай, энергетика, туризм, маданият, спорт аркылуу кызматташуу маселелерин карап жатышат", - деп билдирди Экономика министрлиги.
Буга чейин тараптар айрым бир макулдашууларга жетишкенин кошумчалай кетели. Бул экология, саламаттык сактоо, билим берүү, инновациялар, аймактарды өнүктүрүү, салыктык башкаруу, жаштар саясаты, почта байланышы жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү.