2019 – жылдын башында Кыргызстанда туризм тармагында иш алып барган 111.3 миң субъекти (юридикалык жана физикалык адамдар үчүн) адам катталган. Тизмеге туристтерге ылайык товарларды чыгарган жана саткан ишканалар, туристтик-экскурсия уюштурган кызматтар, мейманкана, тойкана, транспорттун бардык түрлөрү кирет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, бардык субъектилердин 12.6 миң (11.3%) мейкана, эс алуучу жай, коомдук тамактанучу жай жана дарылоо мекемелери болгон. Бишкек шаарында жайгашкан – 5.4 миң субъект (42.8%) жана Ысык-Көл облусунда – 1.8 миң субъект (14.3%) катталган.
• Кыргызстанда туризм тармагында 97.8 миңден ашуун жеке ишкерлер катталган (87.9%)
• 2018 – жылы 486 уюштуруу жана эс алуу мекемеси туристтерге кызмат көрсөтүшкөн. Анын ичинен 187 – санаторий-курорттук мекеме ж.б. атайын турак-жайлар, андан сырткары 194 мейманкана, 64 турфирма жана туроператорлор, саякаттоо жана экскурсия бюросу, 9 жаратылыш парктары, 32 туристтик объект кызмат көрсөтүшкөн.