2020-жылы дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмеги жарыяланды. Анда алдыңкы орунга Louis Vuitton жана Dior компаниялардын ээси Бернар Арно чыкты. Бул тууралуу Forbes жазат.
Буга чейин алдыңкы орунда Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безос турчу. Эми анын компаниясынын акциясы 760 млн $ арзандагандан кийин, тизмектин сап башынан түштү. Учурда Аманзондун акциясы 115.6 млрд $ турат.
Ал эми Арнонун кирешеси 1.9 млрд $ көп болду. Анын эки компаниясынын кирешеси биригип 117 млрд $ түзөт.