Тажикстандын ишкерлери бизнестерин өткөн жылга салыштырмалуу, бул жылы көп токтотушууда. Бул тууралуу респупбликанын статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, 2019 – жылы Тажикстандын ишкерлери 260 миң компанияны жокко чыгарышкан. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 11% көп болгон.
«Патент менен иштеген 209 миң ишкер, күбөлөндүрүү боюнча иштеген 43.3 миң ишкер чарбачылык менен алектенген 7.5 миң ишкердин бизнестери токтотулган», — деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда 553 миң жеке ишкер катталган. Анын ичинен 313.6 миң компания – патент менен, 77.7 миң ишкер – күбөлөндүрүү менен жана 162 миң ишкер - жеке чарбачылык менен алектенишет.
Төмөнкү көрсөтүлгөн сандын ичинен 293.4 миң жаран жеке ишкерчилик катары катталган.