Муниципалдык инспекциянын Ленин району боюнча инспекторлору Л.Толстой, Д.Садырбаев жана Токтогул көчөлөрүндө рейд жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө 60дан ашык чарба субьекти текшерилди. Көрктөндүрүүнүн эрежесин бузгандарга карата 29 протокол жазылып, 308 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Белгиленгендей, көпчүлүгү КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 114,115-беренелерин бузушкан.
Ошондой эле,чарба субьектилердин ээлерине жана ижарачыларына жанаша аймагын таза кармоо, тышкы көрүнүшүнүн көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазма буйруктар берилди.