Улуттук банк 2023-жылы эсептик ченди 13% деңгээлинде кармады

03.01.2024, 11:05 Акчабар
Улуттук банк 2023-жылы эсептик ченди 13% деңгээлинде кармады

2023-жылы Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды. Жылдык инфляция өткөн жылдын он айында төмөндөө траекториясында болгон. Мындай анализди Евразия өнүктүрүү банкы макро баяндамасында жасады. 

Бирок, ал дагы эле максаттуу көрсөткүчкө жеткен жок, ал эми жылдын ортосунда инфляцияга таасир бере турган терс факторлор пайда болгон. Булар, атап айтканда, керектөө активдүүлүгүнүн өсүшү, керектөө кредиттеринин өсүшү жана сом/доллардын алмашуу курсунун алсызданышы.

Мындан тышкары, импорттук дан эгиндеринин наркынын жогорулашы өлкөнүн керектөө куржунундагы ун азыктарынын жогорку үлүшүн эске алуу менен инфляциялык күтүүлөргө таасир эте турган потенциалдуу фактор болуп саналат.

“Эсептик ченди 2023-жылдын аягына чейин 13% деңгээлинде кармап туруу инфляциялык күтүүлөрдү бекемдөөгө жана инфляциялык тобокелдиктердин ишке ашуусу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Улуттук валютада кабыл алынган депозиттер боюнча чен 2023-жылдын сентябрында 1,32%ды түздү, бул 2022-жылдын декабрына караганда көбүрөөк. Көрсөтүлгөн мезгилде кредиттөө наркы 2,1 пайыздык пунктка өскөн. Ал эми 2023-жылдын сентябрында 19,94% түздү”, - деп белгилейт ЕӨБ.

 

Тэги: новости Кыргызстана учетная ставка Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу