Быйыл Кыргызстандын ички милдеттенмелери боюнча жалпысынан 4 миллиард 604 миллион 329 миң сом төлөмөй болду, деп билдирди Улуттук банк.
2016-2019-жылдар аралыгында өкмөт бул акчаны 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттөгү мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу аркылуу ички карызга алган.
Бүгүнкү күндө 3 миллиард 504 миллион 329 миң сомдук милдеттенмелер төлөнүп бүттү. Калган сумманы мамлекет ушул жылдын 14-ноябрына чейин төлөп бериши керек.