Январда «Кепилдик фонду» 36.7 млн сомго насыя берген

28.01.2021, 14:00 Акчабар
Январда «Кепилдик фонду» 36.7 млн сомго насыя берген

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларында ААК «Кепилдик фонду» 10.6 млн сомго кепилдик берген. Бул тууралуу акционердик коомдун басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

Берилген кепилдиктер аркылуу 36.7 млн сомго 22 насыя берилген. Ишмердүүлүктүн башында 2.7 млрд сомго 3.5 миң кепилдик берилген. Кепилдик алдында берилген насыянын көлөмү 9.4 млрд сомду түзөт. 

«Кепилдик фонду» «Пандемия шартында кичи жана орто ишкерликти каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» программасы ишке ашып жаткандыгын эскертет. Программага өнөктөш банктар: «Айыл Банк», «РСК Банк», «Бакай Банк», «Банк Азии», «Халык Банк Кыргызстан», «КБ Кыргызстан» жана «Капитал Банк»

 

2021-жылдын 25-январына карата ААК «КФ» бул программанын алкагында 6-7 банк менен биргеликте 256.2 млн сомго 252 кепилдикти бекитти. Бул кепилдиктер боюнча өнөктөш-банктар 636.1 млн сомго насыя беришти», — деп белгиледи фонддон. 

 

 

Тэги: Гарантийный фонд льготный кредит банки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу