Ушул жылдын январь-май айларында ИДПнын көлөмү 270,2 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 5,7% болду. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, өсүш 3,7%ды түздү (2021-жылдын январь-майында – 2,8%).
"ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары тарабынан да, тейлөө сектору тарабынан да камсыз кылынууда. Муну менен катар товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9%га өссө, 2021-жылдын январь-май айларында тескерисинче 8%га төмөндөгөн", — деп жазат статистикалык комитет.
Кошумчалай кетсек, ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (48,6%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген. Кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүшү 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 4%ды түздү (2021-жылдын январь-майында 3,3%га өскөн).