Каржы министрлиги 2022-жылдын январь айына карата мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясы боюнча маалыматтарды жарыялады. Маалымат ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган.
Андагы маалыматка караганда, министрлик январь айында баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 1 млрд 430 млн сом тартууну пландоодо. Акчанын көбү 10 жана 7 жылдык мамлекеттик облигациялардан түшүшү керек.
Кошумчалай кетсек, аукциондор 13-28-январга белгилен. Жалпысынан беш жайгаштыруу пландаштырылган.