Акыйкатчылар институту менен Финансы полициясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшат. Алар бирге кызматташып, мамлекеттик орган менен бизнесмендин ортосундагы алаканы жакшыртуу үчүн иш алып барышат. Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен Финансы полициясынын жетекчиси экөөнүн 26-ноябрдагы жолугушуусунда билинди.
Финансы полициянын жетекчиси Бакир Таиров, азыркы учурда республикадага ишкерлердин укуктарын аткаминерлердин ашыкча кийлигишүүсүнөн коргоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдирди. Муну менен катар бизнеске ыңгайлуу шарт түзгөндө гана, өлкөгө инвестиция көп келерин кошумчалады.