Дүйнөлүк банк эл аралык насыя макулдашуулардын ратификациялөө мөөнөтүн ылдамдатуу сунушун берди

20.11.2019, 11:30 Акчабар
Дүйнөлүк банк эл аралык насыя макулдашуулардын  ратификациялөө мөөнөтүн ылдамдатуу сунушун берди

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстанга эл аралык насыя жана гранттык макулдашуулардын  ратификациялөө мөөнөтүн ылдамдатуу сунушун берди. Бул социалдык маселелерди эртерээк чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Орто Азиядагы регионалдык директору Лилия Бурунчук парламентте депутаттар менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстанда кийинки жылы билим берүү тармагында, статистика системасын өнүктүрүүдө жана салык органдарын ишмердүүлүгүн автоматташтырууда бир катар алгылыктуу пландар коюлган. 

Парламенттин депутаттары, ратификация чечимин дыкат карап чыгуудан гана соң кабыл алуу керек экендигин билдиришти. 

«Профильдик комитет насыя макулдашууларды 2-3 ай ичинде карап чыгат, ал эми парламент 5-6 айга чейин кароого укугу бар. Ошондуктан, мындай макулдашууларды парламент өкмөт менен дыкат карап чыгуусу зарыл. Бул учурда эл аралык макулдашуулардын ратификация мөөнөтү кыскарат», —  деп билдирди Каныбек Иманалиев.  

 

Тэги: Всемирный банк ратификация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу