Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

24.11.2023, 17:06 Акчабар
Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (ИУА) Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Accelerate Prosperity коомдук фонду менен биргеликте "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин венчурдук каржылоо чөйрөсүнө тийиштүү көңүл бурулган эмес жана бул тармак мыйзамдуу түрдө жөнгө салынган эмес. Жакын арада венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. 

"Мыйзам долбоору венчурдук каржылоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин аныктайт жана башка чектеш тармактарга да таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат", - деди ал.

 

Тэги: венчурдук каржылоо атамекендик финансы институттары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу