Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жана анын башкармалыгы ишин үзгүлтүксүз режимде жүргүзүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
Фонд учурда жалпы суммасы 1,9 долларды түзгөн үч долбоорду каржылоону бекитти. 2023-жылдын 12-майына карата фонддун Улуттук банктагы эсебинде биринчи бөлүнгөн каражат 13,8 миллион долларды түзөт.
"Фонддун бардык каражаттары Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, экономиканы модернизациялоого, жаңы технологияларды тартууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган уставдык максаттарга жана милдеттерге ылайык пайдаланылат", - деп билдирет Экономика министрлиги.
Эске салсак, 4-майда кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов кармалган.