Ветеринардык көзөмөлгө туш болгон бир дагы продукция кайра кайтарылып келген эмес

18.02.2020, 15:00 Акчабар
Ветеринардык көзөмөлгө туш болгон бир дагы продукция кайра кайтарылып келген эмес

Ветеринардык көзөмөлгө туш болгон бир дагы продукция кайра кайтарылып келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, сүт продукциясы жүктөлүп жаткан учурда ветеринар жеке көзөмөлгө алат. Жүк Казакстан, Орусия же Беларуска жеткенге чейин байланыш үзүлбөйт.

Ошондой эле Кргызстанда 1500дөн ашуун ветеринардык дарыгер Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы менен келишим түзгөн. Азыркы учурда 19 лаборатория иш алып барууда, алардын ичинен 2си ЕАЭБдн бирдиктүү реестрине киргизилген жана толугу менен жабдууланган.

Андан сырткары ветеринарияда санариптештирүү жүргүзүлүп, 5 электрондук программа иштеп жатат жана кагаз түрүндө эч кандай отчеттор тапшырылбай калды деп билдирди Калысбек Жумаканов.

Тэги: ветеринардык коопсуздук продукци

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу