Бишкек—Балыкчы багыты боюнча VIP вагондорго билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Поезд ушул жума, 21-июлдан тарта каттамга чыгат.
Билеттин баасы чоңдор үчүн 800 сом, балдар үчүн 400 сомду түзөт.
Вагондор ыңгайлуу дивандар, чоң терезелер, кондиционер, телевизор жана WI-fi менен жабдылган. Мындан тышкары, поездде суусундук саткан бар иштейт.