Visa төлөм системасы криптовалюта бөлмүмүн ачат. Азыр алар бул кызматка ылайыктуу менеджер издешүүдө деп жазды kapital.kz маалымат сайты.
Төлөм системасына талап кылынган адис блокчейн тармагын жакшы түшүнүп, чектелген режимде төлөм системасы үчүн чечим чыгарууга кудуреттүү адис болууга тийиш. Эгерде криптографияны билсе, ага артыкчылык берилет. Visa тажрыйбасы төрт жылдан жети жылга чейин иштеген, анын ичинде үч жылы чекене соода же төлөм системасындагы финансы техникалык продукцияларды башкарууда тажрыйбасыбар адамдарды кызматка аларын айтты.
« Visa Crypto Team жетекчиси жаңы технологияларга байкоо салып, айрыкча ачык код менен иштеген принциптерге көз салып, аны корпорацияга киргизүүсү керек»– деп билдирди Visa компаниясы.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Visa компаниясынын директору Альфред Келли криптовалютаны анын компаниясы келечекте узак мөөнөттө колдонорун айтып чыккан.
«Рынокто криптовалюта жөнөкөй товардан, төлөм системасына өтүп жатканын текшерүү керек» – деп CNBC берген маегинде айтып жүргөн.
Ага чейин Visa компаниясынын финансы директору Васант Прахбу Financial Times берген интиервьюсунда криптовалютаны тажрыйбасыз инвесторлор үчүн финансалык көбүк деп сындап келген.