Visa Орусияда бизнес-төлөмдөр сегментин өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Визанын аталган өлкөдөгү башкы директору Михаил Бернер билдиргенин РБК жазып чыкты.
23-июндан баштап төлөм тутуму компаниялар үчүн чек арадан тышкары төлөмдөр кызматын ишке киргизүүдө. Ал буга чейин дүйнөнүн 97 өлкөсүндө иштеп жаткан платформанын ичиндеги ишканалардын ортосунда чек арадан төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Алгач долбоор "Модульбанк" менен өнөктөштүктө башталат.
Visa ошондой эле бизнес үчүн карталарды өнүктүрүүнү пландаштырууда.