Интернет-дүкөн ээлери салык төлөшөт

24.05.2023, 14:54 Акчабар
Интернет-дүкөн ээлери салык төлөшөт

Кыргызстанда интернет дүкөндөрдүн ээлери салык төлөөгө милдеттүү болот. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.

Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердикке салыкты киргизүү Салык кодексинин 61-беренесинде каралган. Бул тармактагы ишкердик системалуу түрдө жүргүзүлсө гана таанылат. Жеке товарларды бир жолку сатуу системалуу эмес жана ишкердик болуп саналбайт. Демек, мындай бир жолку сатуу жогорудагы мыйзамга баш ийбейт.

Мындан тышкары, ушул эле мыйзамдын 6-беренесинде сатуучунун милдеттеринин бири соода аянтында юридикалык жактын толук аталышы же жеке ишкердин толук аты-жөнү берилиши керек.  

 

Тэги: новости Кыргызстана интернет магазин онлайн торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу