Өлкө башчы Садыр Жапаров 40 автоунаа сатып алуу үчүн 60 миллион сомго тендерди жокко чыгарууну тапшырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», - дейт президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Белгилей кетсек, мамлекеттик сатып алуулар порталына унаа сатып алуу тууралуу тендер жарыялангандан кийин социалдык түйүндөрдө элдин нааразычылыгы күч алган.