Тамак-аштын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу иши аяктады

01.09.2021, 13:10 Акчабар
Тамак-аштын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу иши аяктады

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күн карама майына жана кум шекерге бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну аяктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 31-августунда Кыргызстандын аймагына импорттолгон жана сатылган кант жана өсүмдүк майына карата нөлдүк ставка боюнча кошумча нарк салыгы жөнүндө Министрлер кабинетинин токтомунун мөөнөтү аяктады.

Күн карама майына жана кум шекерге бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыгы боюнча 372 жолу, 1 миң 967 объектиде түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн, мыйзам бузуулар боюнча соода ишмердигинин субъекттерине 56 инструкция берилген, ошондой эле, 292 мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө кабарлоо жана белгиленген үстөк акыларга ылайык Мамлекеттик агенттиктин буйругун аткаруу боюнча түшүндүрмөлөр болгон.

Тэги: продукты питания регулирование цен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу