Электрондук эсеп-фактуралардын киргизилиши бюджетке КНСтин түшүүсү боюнча таасирин тийгизди

11.10.2021, 10:40 Акчабар
Электрондук эсеп-фактуралардын киргизилиши бюджетке КНСтин түшүүсү боюнча таасирин тийгизди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин кошумча нарк салыгы боюнча кирешелердин акырындык менен көбөйгөнүн билдирди. Алсак, ушул жылдын тогуз айында КНСтин бюджетине 29 миллиард 425,6 миллион сом түштү, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,45% га көп.

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураны киргизгенден кийин КНС боюнча кирешелердин көбөйүшү республиканын бюджетине кирешелердин өсүшүнө алгылыктуу таасирин тийгизе турган рыноктун көмүскө компонентинин кыскарышынын башталышынан кабар берет деп ишенет.

"2021-жылдын 1-октябрына карата система ишке киргенден бери 15 миң 439 ишкер электрондук эсеп-фактураны колдонуп келишкен, алар 1 триллион 222 миллиард 490 миллион 261,3 миң сомдук жалпы жүгүртүү үчүн 8 миллион 489 698 электрондук эсеп-фактураны беришкен", - деп билдиришти салык кызматындагылар.

Эске салсак, 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана товарлардын импорту жана/же экспорту менен алектенген субъекттер электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.

Тэги: электронные счета-фактур бюджет экономика деньги НДС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу