2021-жылдын башында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын (23 банк) жалпы тышкы карызы 334,9 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылат.
Бир жыл мурун, чет өлкөлүк насыячылардын алдындагы милдеттенмелердин көлөмү 406,7 миллион доллар деп бааланган. Бир жыл ичинде алардын карызы 71,8 миллион долларга азайган.
Орусияны кошпогондо, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн банк сектору, тескерисинче, тышкы карыз алууну көбөйткөнүн белгилей кетүү керек.