Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 25-августка карата 119 миллиард 613 миллион 888,3 миң сомду түздү.
Сумма 24-октябрга салыштырмалуу 1 миллион 600 миң сомго азайган. Төмөндөө жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруу менен шартталган.
Кошумчалай кетсек, алгач Каржы министрлиги бюджетке 200 миллион сом тартууну пландап, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Жыйынтыгында мекеме аны 1 млн 612 миң сомго канааттандырган. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 8,89%ды түздү.