Ушул жылдын 26-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары боюнча ички карызы 92 млрд. 283 млн. 176,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилей кетсек, 25-апрелге карата карыз 92 млрд. 533 млн. 176,3 миң сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде ички карыз 250 миллион сомго кыскарды.
Ошентип, өлкө 2 жылдык казыналык облигациялар боюнча өз милдеттенмелерин төлөдү. Баалуу кагаздар 2021-жылдын 23-апрелинде жайгаштырылган. Анда 250 млн. сом жылдык 7,55% жана 5% купондук ставка менен тартылган.