Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 25-мартка карата 140 миллиард 825 миллион 318,3 миң сомду түздү.
20-мартка салыштырмалуу сумма 300,2 млн сомго азайган. Төмөндөө жүгүртүү мөөнөтү үч жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруу менен шартталган.
Документтер 2021-жылдын 19-мартында жарыяланган. Алгач Каржы министрлиги бюджетке 300 миллион сом тартууну пландап, бирок суроо-талап жогору болуп чыкты. Натыйжада мекеме аны 300,2 миллион сомго канааттандырды. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 10%ды түздү.