Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары боюнча ички карызы дагы 340 миллион сомго көбөйдү. Бул маалымат Улуттук банктан маалым болду.
Улуттук банктын күнүмдүк статистикасына ылайык, 21-июнга карата Кыргызстандын ички карызы 96 миллиард 639 миллион 841,3 миң сомго бааланган. Бул 96,3 миллиард сомго бааланган 16-июндагы көрсөткүчтөн 340 миллион сомго көп.
Карыздын көбөйүшүн Каржы министрлиги 16-июнда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу менен түшүндүрсө болот. Беш жылдык мөөнөттөгү бул баалуу кагаздар республикалык бюджетке 800 миллион сом тартууга жумшалган. Бирок суроо-талап үмүттү актабай, 340 миллион сомдук мамлекеттик облигациялар жайгаштырылды. Бул облигациялардын жылдык үстөгү 16,29%, купондук чен 6%ды түзөт.