Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 22-январга карата 137 млрд 794,8 млн сомду түздү.
Маалыматка ылайык, 19-январга салыштырмалуу 1 млрд 80,2 млн сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 5 жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.
Баалуу кагаздар 19 жана 22-январда (кошумча жайгаштыруу) 16,18% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.