Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 29-январга карата 138 млрд 809,5 млн сомду түздү.
27-январга салыштырмалуу карыз 300 млн сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү үч жыл болгон казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.
Баалуу кагаздар 26-январда 16,3% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.