Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 12-февралга карата 138 млрд 856,3 млн сомду түздү.
Карыз 9-февралга салыштырмалуу 512,5 млн сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү беш жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.
Баалуу кагаздар 9 жана 12-февралда 16,2% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.