Кыргызстандын ички карызы 611,1 млн сомго көбөйдү

27.09.2021, 10:01 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 611,1 млн сомго көбөйдү

Ушул жылдын 24-сентябрына карата мамлекеттик казына векселдери жана облигациялары аркылуу Кыргызстандын ички карызы 59 миллиард 788 миллион 672,1 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук банк тарабынан берилди.

Ошол эле учурда 17-сентябрга карата 59 миллиард 177 миллион 572,1 миң сомго бааланган. Муну менен 17-сентябрдан бери ички карыз 611,1 миллион сомго өстү. 

Белгилей кетсек, республиканын ички карызынын өсүшү векселдер аркылуу да 41,1 миллион сомго, облигациялар 570 миллион сомго көбөйгөн.

 

Тэги: внутренний долг Кыргызстан экономика деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу