Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 24-июлга карата 97 миллиард 599,2 миллион сомду түздү.
Карыз мурунку күнгө салыштырмалуу 940 миллион сомго көбөйгөн. Көбөйүү 10 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду. Белгилеп кетсек, аукцион 21-июлда өтүп, бирок маалыматтар бир күн мурун гана чагылдырылган.
Кошумчалай кетсек, алгач Каржы министрлиги бюджетке 1,2 миллиард сом тартууну пландап, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Натыйжада ведомство аны толук канааттандырды. Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 16,55%ды түздү.