Улуттук банк 18-октябрда беш жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды аукциондон тышкары жайгаштырууну өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 100 миллион сом тартуу пландалууда. Бир баалуу кагаздын баасы 76,36 сомду, кирешелүүлүк 12,5%ды түзөт.
14-октябрга карата беш жылдык облигациялар аркылуу республиканын мамлекеттик ички карызы 15 миллиард 390,9 миллион сомго бааланганын кошумчалайбыз.