Суу чарба кызматынын Суу чарба курулуш дирекциясы курулуш-монтаждоо иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 68 млн 300 миң сомду түзөт.
Бул акчага Ош районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Ак-Тектир жана Терек-Талаа каналдарын, ошондой эле ирригациялык системасын реабилитациялоо пландалууда.