Wildberries Кыргызстандагы техника саткандарга комиссияны азайтты

24.05.2023, 09:16 Акчабар
Wildberries Кыргызстандагы техника саткандарга комиссияны азайтты

Бүгүнтөн тарта Wildberries онлайн платформасы тиричилик техникасын жана электроникалык буюмдарды саткан кыргызстандык ишкерлер үчүн соода комиссиясын 2%дан азайтат. Бул тууралуу аталган платформадан белгилүү болду.

Бул чара 500дөн ашык буюмга, анын ичинде робот чаң соргучтарга, компьютерлерге, оюн консолуна, ашкана техникасына жана башкаларга тиешелүү.

Ошол эле учурда, айрым категорияларда, алсак ноутбуктарды жана смартфондорду сатууда минималдуу комиссия сатуу моделине карабастан 3%ды түзөт.

“Бул чара республиканын ишкерлерине базарда онлайн-бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет. Анын натыйжасында алар жеткиликтүү баада жабдуулардын жана электроникалардын ассортиментин кеңейте алышат. Бул сатуучуларга кардарлардын ишенимин жогорулатууга жана кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет”, - деп белгилейт компания.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу