Xiaomi дүйнөдөгү биринчи тунук сыналгыны сатууга чыгарды

13.08.2020, 17:50 Акчабар
Xiaomi дүйнөдөгү биринчи тунук сыналгыны сатууга чыгарды

Кытайдын Xiaomi компаниясы өзүнүн он жылдык мааракесине Ультра жука тунук экраны бар дүйнөдөгү биринчи сериялык сыналгыны тартуулады. Бул тууралуу ТАСС порталы кабарлады.

Компаниянын сайты билдиргендей, жаңы Mi TV LUX Transparent Edition ушул жекшемби күнү расмий түрдө 49,999 юань (7.2000 доллар) баада сатыла баштайт.

“Өчүрүлгөндө, аппараттын экраны диагоналы 55 дюйм жана калыңдыгы 5,7 мм болгон айнек панель. Күйгүзүлгөндө, телевизор абада калкып жаткандай сезилет ", - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы өнүмдү Кытайдан гана сатып алууга болот. Xiaomi мындай сыналгы үйдө гана эмес, музейлерде, галереяларда, соода борборлорунда кеңири колдонула тургандыгын белгиледи.

Тэги: тунук сыналгы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу