«Xiaomi» жаңы моделдеги электромобилин чыгарды

29.03.2024, 10:30 Акчабар
«Xiaomi» жаңы моделдеги электромобилин чыгарды

Кытайлык электроника өндүрүүчүсү “Xiaomi” өзүнүн "Speed ​​​​Ultra 7" (SU7) аталашында жаңы моделдеги электромобилин чыгарды. BBC World Service бул унаа менен Xiaomi Tesla'га чакырык таштаганын жазды.  

"Xiaomi" уюлдук телефондорду, ноутбуктарды жана башка электрондук буюмдарды чыгарат жана смартфон сатуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Ал буга чейин унаа чыгарбаса да, жаңы чыгарган унаасы "Porsche" унааларынын акыркы үлгүлөрү менен салыштырылууда. 

Компания анын учурдагы кардарлары "SU7ге" кызыгышат деп күтүүдө, анткени ал башка "Xiaomi" электрондук продуктылары сыяктуу эле операциялык система менен жабдылган. 

Компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору Лей Жун "SU7" унаасын таанытууда айткандай, ал Кытайдын эң ири электр унаа өндүрүүчүсү "BYD", ошондой эле "Tesla’нын" негиздөөчүсү Илон Маскка чакырык таштап, компаниянын аброюн көтөрдү. 

"Xiaomi" компаниясынын жаңы моделдеги унаасы 215 миң 900 юань (болжол менен 29 миң доллар) болот. 

 

Тэги: xiaomi электромобиль автоунаа Tesla Porsche

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу