Токтогул районундагы Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын бөлүмүнө жеке ишкер кайрылып, андан опузалап пара талап кылып жатканы тууралуу кабарлаган.«Жалал-Абадэлектро» ишканасынын бөлүм башчысы электр берүүчү линиянын куруу үчүн тендерден жеңүүгө жардам берем деп, пара талап кылган.
«Сурак маалында белгилүү болгондой «Жалал-Абадэлектро» ишканасынын болум башчысы өзүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган. Ал жеке ишкерден 830 миң сом пара талап кылып, электр берүүчү линияны курууда тендерде жеңип чыгышына жардам берерин билдирген» — деп билдирет финансы полициясы.
Бул факт сотко чейинки кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш боюнча 238 берененин 2- «Кызматкерлердин мыйзамсыз сый акы талап кылуусу» иш козголду.
Финполиция бул окуяга тиешеси бар баардык адамдардын жайын тактап, аларды тергөөгө катышуусун камсыздайт. Мындан тышкары «Жалал-Абадэлектро» ишканасынын бөлүм башчысына которулган банктык эсептер тууралуу квитанциялар дагы тиркелди.
Учурда сотко чейинки иштер жүрүп, Бирдиктүү депозитке келтирилген зыяндардын эсеби такталууда.