Быйыл январга карата өлкөдө мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6%га аз. Ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5,3%ды түзөт.
Алардын ичинен расмий катталган жумушсуздардын саны 74,7 миң адамды түзгөн.
Эске салсак, 2022-жылдын декабрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли өлкө боюнча 2,9 % болгон.