2022-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда катталды.
ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)
| Январь | Январь | Январдагы өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү) | |||
2021 | 2022 | 2021 | 2022 | 2021 | 2022 | |
Армения | 2,2 | 1,6 | 4,5 | 7,1 | 2,2 | 1,6 |
Беларусь | 1,1 | 1,5 | 7,7 | 10,4 | 1,1 | 1,5 |
Казакстан | 0,6 | 0,7 | 7,4 | 8,5 | 0,6 | 0,7 |
Кыргызстан | 1,0 | 1,0 | 10,1 | 11,2 | 1,0 | 1,0 |
Россия | 0,7 | 1,0 | 5,2 | 8,7 | 0,7 | 1,0 |
Ошентип, үстүбүздөгү жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – 12,8 пайызга жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери 9,7 пайызга көп өлчөмдө жогорулады. Ошол эле мезгилде Беларусияда кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүүсү (9,1 пайыз) катталды.