Жапония Чүй облусуна 8 млн сомго чейинки медициналык жабдууларды берет. Бул тууралуу депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, райондук саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү акысыз жардам катары эндоскопиялык жана УЗИ аппараттары менен камсыздалат. Депутат Жапониянын парламентине жана өкмөтүнө, Жапониянын Кыргызстандагы элчилигине жана JICA эл аралык кызматташуу агенттигине ыраазычылык билдирди.
Депутат 2023-жылы Жапония Нарын облусунун Актала, Ат-Башы, Жумгал райондоруна жана Ош облусунун Алай районуна МРТ жана КТ аппараттары менен жабдылган көчмө ооруканалар бергенин, райондордун жашоочулары бекер текшерилип жатканын билдирди.
Учурда маммографты жана жүрөк-кан тамыр ооруларын изилдөөчү жабдыктарды Бишкекке алып келүүгө даярдыктар көрүлүүдө.